Социалдык төлөмдөр менен пенсиялар пластик карталарга которула баштайт

15 ноябрь 2017 15:45 748 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркмөнстандын Социалдык камсыздандыруу кызматтарынын жергиликтүү бөлүмдөрү пенсионерлерди, мүмкүнчүлүгү чектелген жана мамлекеттен жөлөкпул алган жарандарды 31-декабрга чейин банктарда эсеп ачууга чакырышууда. Бул тууралуу Борбор Азия кабарларк ызматы билдирди.

Мындай жарыялар жергиликтүү акимчилик имараттарына жайгаштырылган. Анда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин төлөмдөр жалаң гана пластик карталарга которула баштай тургандыгы белгиленген. Өкмөт бул кадамын мамлекеттик төлөмдөрдү жакшыртуу жана пластик карталар аркылуу эсептешүүнү өнүктүрүү менен түшүндүрүп жатат.

Түркмөн серепчилери мындай талаптар өз алдынча шаар аралап жүрө албаган адамдардын жашоосун оорлотот деп эсептешүүдө.

Өлкөдө пенсиялар менен социалдык жөлөкпулдарды төлөм карталарына которуу пландары тууралуу алгачкы жолу 2016-жылдын соңунда айтылган. Акыркы төрт жылдан бери мамлекеттик кызматкерлер менен бюджетте иштеген жарандардын маяналары пластик карталарга которуу жолу менен төлөнүп келет.

Быйыл жыл башынан бери өлкөдө банктар төлөм карталары менен эсептешүү жана карталардагы каражатты накталай акчага которуу операцияларын токтоткондугу, банкоматтардын санынын аздыгы жана алардагы акчанын түгөнүп калып жатканына байланышкан көйгөйлөр тууралуу бир канча жолу кабарланган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8705



Добавить комментарий