Баткенде бир күндө эки жол кырсыгы болуп, 3 адам каза тапты
Бөлүшүү:
Баткен областында кечээ, 14-ноябрда, эки жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Лейлек районунда саат 08:08де Ош-Баткен-Исфана автожолунун 335 чакырымында «Жигули» жана «Хонда СТЕП» үлгүлөрүндөгү эки унаа кагылышкан. Анын кесепетинен 3 адам мерт кеткен: А.Ш. (1987-жылы туулган), М.М. (1989-жылы туулган), жана Х.К. аттуу жаран, ошондой эле 8 адам жабыркаган.
Ошол эле күнү Кадамжай районунда кечки саат он бирлерде Ош-Баткен жолунун 156 чакырымнда «Хундай Портер» үлгүсүндөгү эки унаа кагылышкан. Натыйжада 6 адам жапа чеккен.
Каза болгондордун сөөктөрү милицияга тапшырылып, жабыркаган жарандар ооруканага жеткирилген.
Ссылка: https://barometr.kg/content8701
Добавить комментарий ×