Небересин унутуп көчөдө мас абалда уктап жаткан чоң эне талкуу жаратты

15 ноябрь 2017 12:09 1161 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын түштүк аймагында көчөдө небересин унутуп, өзү мас абалда эч нерсени билбей уктап жаткан чоң эненин сүрөтү интернетте талкуу жаратты деп жазат NazarNews.kg сайты. Берилген маалыматка караганда, тааныштары менен отуруштан чыккан аял, мас абалында үйүнө чейин жетүүгө акыбалы болбостон, көчөнүн ортосунда 4 жаштагы небересин карабай уктап жаткандыгы айтылат.

Ал эми буга күбө болгон айланадагы адамдар милиция кызматкерлерине кабар берген. Окуя болгон жерге келген орган кызматкерлери мас аялды ооруканага жеткирген.

Териштирүүлөрдүн жыйынтыгында 4 жаштагы баланын ата-энеси ажырашып кеткенден кийин кароосуз калгандыгы белгилүү болгон.  Укук коргоо органдары бул окуядан кийин баланы балдар үйүнө өткөрүп беришкен. Ал эми мас абалдагы аялга чара колдонулаары айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8687



Добавить комментарий