Казакстанда кумсалар жөнүндөгү тасма БУУнун сынагында биринчиликти алды

15 ноябрь 2017 11:24 644 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандагы кумсалар тууралуу тасма БУУ тарабынан уюштурулган жаштар фильмдери сынагында биринчи орунду алды. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматы маалымдады.

“Айбек” деп аталган тасмада Казакстандагы сексуалдык азчылык өкүлдөрүнүн жашоосу чагылдырылган. Фильмдин автору Айша Салимгереева Нью-Йорктогу сыйлык тапшыруу аземине бара алган эмес.

БУУнун радиосуна маек берген тасманын оператору Алихан Смагулов чыгармачыл топ “Казакстанда кумса болуунун кандай экенин” көрсөтүүгө аракет жасашканын билдирди. Фильмде Казакстандагы кумсалар, алардын башынан өткөргөн кыйынчылыктары баяндалган. Смагуловдун айтымында, тасма беш күндө тартылган, бирок башкы ролдо ойной турган адамды табуу кыйынга турган.

PLURAL+2017 Awards сыйлыгынын жеңүүчүлөрү ЮНИСЕФтин “Жаштар үнү” онлайн коомчулугу, “Пейли” жана Ghetto Film School медиа борборлору тарабынан аныкталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8684



Добавить комментарий