Атамбаев Борут Пахорду кайрадан Словениянын президенти болуп шайланышы менен куттуктады
Бөлүшүү:
Президент Алмазбек Атамбаев Словения Республикасынын мамлекет башчысы Борут Пахорду президенттик кызматка кайрадан шайланышы менен куттуктады.
«Сизди Словения Республикасынын президенти болуп шайланышыӊыз менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Сиздин кайрадан бул кызматка шайланышыӊыз элдин Сизге болгон бекем ишениминен кабар берет. Сиздин жетекчилигиӊиз астында Словения мындан дагы чоӊ ийгиликтерге жетишет деп ишенем. Өзүм тараптан эки элдин жыргалчылыгы үчүн кыргыз-славян алакаларды мындан ары да өнүктүрүү жана бекемдөөгө даярдыкты билдирем. Сизге, урматтуу президент, бекем саламатчылык, жоопкерчиликтүү кызматыӊызда албан ийгиликтерди каалайм», - деп белгиленген билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content8683
Добавить комментарий ×