Мыйзамсыз 19200 кг улпакты жүктөп бараткан унаанын айдоочусу кармалды

15 ноябрь 2017 10:54 398 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу товар жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактыларын аныктоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, «Түштүк» бажысынын кызматкерлери тарабынан Оштогу Жапалак кыштагынан КРдын мамлекеттик номер белгилери бар, М.М.М. аттуу айдоочунун башкаруусундагы «Шмитц SO2» деген прицеби менен «ДАФ-FT 95 XF-430» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп текшерилген.

Текшерип жатканда 1200 орундук полипропилендик каптардан жалпы салмагы 19 200 кг түзгөн буудайдын калдыктары (улпак) табылган. Анын жалпы суммасы 153 600 сомду түзөт. Дан бажы көзөмөлү жок ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташылып бараткан.

Материалдар Ош областык прокуратурасына өткөрүлдү.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8680



Добавить комментарий