Орусияда "Таблиги жамааттын" 69 мүчөсү кармалды

15 ноябрь 2017 10:02 495 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва облусунун аймагында "Таблиги жамаат" диний уюмунун 69 мүчөсү кармалды. Орусиянын Жогорку Соту "Таблиги жамаатты" экстремисттик уюм деп таанып, анын өлкөдөгү ишмердигине тыюу салган. Бул тууралуу Борбор Азия кабарлар кызматынан билдиришти.

Федералдык коопсуздук кызматы тартип коргоо органдары "Борбор Азиядан чыккандар" жетектеген түзүмдү колго түшүргөнүн билдирди. Алардын жанынан экстремисттик маанайдагы адабияттар табылган. Бирок кармалгандардын тек-жайы жана аларга тагылган айыптар боюнча так маалымат берилген жок.


"Таблиги жамааты" 1926-жылы Индияда түзүлгөн жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө жайылган. Салттуу ислам өкүлдөрү аны радикалдуу деп эсептешет.

Былтыр жыл соңунда Орусиянын Москва шаарында "Таблиги жамааттын" жети мүчөсү кармалып, алардын алтоо кыргызстандык болуп чыккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8675



Добавить комментарий