Түркияда бороондун кесепетинен 25 адам жапа чекти

15 ноябрь 2017 09:32 859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Анталья провинциясында болгон чымын-куюндай болуп башталган бороондун кесепетинен 25 жергиликтүү тургун жабыркады. Бул тууралуу Анталья өкмөтү расмий баракчасына жарыялаган.

Антальянын губернатору Мюнир Каралоглу кырсыктын кесепеттерин баалоо үчүн провинциянын шаарларына барды.

«Бизди жубата турган эӊ чоӊ нерсе бул адамдардын өлүмү болгон жок. Биз келтирилген зыянды баалайбыз жана болгон талкалоо-кыйроолорго карата чараларды көрөбүз»,-деди Каралоглу. Куюн Демере, Кулумке жана Финике шаарларына зыян алып келген.

Ооруканадан 22 адам чыгарылды, ал эми 3 жаран дарылануусун улантууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8669



Добавить комментарий