Энергохолдинг: «Акылдуу эсептегичтер үчүн бирдиктүү стандарт кабыл алынды
Бөлүшүү:
“Акылдуу эсептегичтер” үчүн өлкө боюнча бир Мамлекет аралык стандарт кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда, Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев жыйында билдирген.
Жыйындын жүрүшүндө депутат Кожобек Рыспаев «акылдуу эсептегичтерди» орноткондон бери бир топ маселе жаралды деп айтты. Эсептегичтер түрдүү өндүрүштөн чыгарылган жана ар кайсы тилде программаланган деди депутат.
Өз кезинде Калиев бирдиктүү стандарт кабыл алынганын жана эсептегичтин бардык түрүн санай турган бир программа колдонураын белгиледи.
Ал жылдын аягында өлкө боюнча 170 миӊден ашуун «акылдуу эсептегич» эсептелсе, учурда бул сан 200 миӊге чейин өстү деп кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content8657
Добавить комментарий ×