Мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандар кармалды

14 ноябрь 2017 15:53 1169 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамэкотехинспекциянын Нарын облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген  жарандар кармалды. Нарын облусундагы   Соң-Көл көлүнө жүргүзүлгөн рейд учурунда Инспекторлор тарабынан     4 даана моторлуу кайык жана узундугу 100 метрден болгон 50 даана кытай торлору табылган.  Ошондой эле, Жумгал районунун Кызарт айылынын тургундары- Абдиев Дүйшөнбек жана Мундузбек уулу Залкарбек аттуу жарандар 52 даана пелядь жана сига-ладуга балыктары менен кармалды. Аталган жарандардын мыйзамсыз балык кармап жүргөндүгү жеринде такталды.  Браконьерчилик менен алектенгендерге инспекторлор тарабынан тийиштүү акты, протоколдор толтурулуп, өз билемдик менен сууга  мыйзамсыз салынып келген  торлорду жок кылышты. Учурда мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген жарандарга   тийиштүү кагаздар  толукталып,  аларга   чара көрүү максатында материалдар  укук коргоо органдарына   жиберилди. Эске сала кетсек, буга чейин дагы Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн ыкчам текшерүүлөрдүн жыйынтыгында   Мамэкотехинспекциянын инспекторлору тарабынан бир нече браконьерлер кармалган. Мыйзамсыз балык уулоо  жана аңчылыка чыккандарга каршы Мамэкотехинспекция  өлкөнүн баардык аймагында рейд жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content8646



Добавить комментарий