Кыргызстандагы баардык автоо унааларды атайын лаборатория текшерет
Бөлүшүү:
Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория бир ай аралыгында Бишкек шаарында ачылат. Ошондо республика аймагына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо көйгөй жаралбай турганын Экономика министрлиги маалымдады. Учурда сырттан келген авто унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, номур берилүүдө.Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда өлкөгө 2014-жылы 106770 автоунаа, 2015-жылы 2282 автоунаа киргизилсе, 2016-жылы 200 гана унаа алынып келинген. Эми алардын баарын текшерип өткөрүп, лаборотория атайын уруксат кагаздарды берет.
Ссылка: https://barometr.kg/content864
Добавить комментарий ×