Спа-салонго сулууланам деп барып каза болгон кардар

14 ноябрь 2017 12:07 663 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канадада Квебек Шанталь Лавин аттуу тургун спа-салонго барам деп каза тапты. Ал өтө чыдагыс болгон процедуралардан улам өлүп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Ден соолукту калыбына келтирүүчү спа процедуралар квалификациясы жок терапевттин көзөмү алдында фермердин үйүндө болгон. Маркум менен чогуу анын эки досу дагы ден соолукту чыӊдайбыз деп кошо келишкен. Бактыга жараша алар жапа чеккен эмес.

Шанталь Лавин «Эсинде болуп туруп өлүп бара жаткан» деп аталган детоксикация боюнча семинарга катышкан жана ылайга 9 саат оролуп жатам деп болжогон. Ошентип спа салондун адистери аялды целлофанга орошкон жана башына атайын коробканы кийгизип коюшкан. Эки сааттан кийин Шанталь гипертермиядан каза болуп калган. Бул учурда анын денет абы 40,5 граудска чыккан.

Спа-борбордун уюштуруучулары 2014-жылы дагы ушул сыяктуу кылмыш жасап күнөөлүү деп табылышкан болчу.

Мындай иши үчүн Габриэль Фрешетт 3 жылга, ал эми анын эки жардамчысы 2 жылга камакка алынган. Алар баары чогулуп соттун мындай өкүмүнө арызданганы менен, сот алардын апелляциясын четке каккан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8634



Добавить комментарий