Каныбек Осмоналиев: “Бабанов элдин биримдигин ойлоп лидерликтен кетти, бийлик муну баалашы керек”

14 ноябрь 2017 11:39 2348 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламенттин мурунку депутаты Каныбек Осмоналиев, Өмүрбек Бабановдун «Республика Ата-Журт» фракциясынын лидерлигинен өз эрки менен кетишине түшүндүрмө берип жатып, бийлик өкүлдөрүн депутаттын мындай кадамын татыктуу баалоого чакырды.

Осмоналиевдин айтымында, Бабанов, лидерликтен баш тартуу менен ал татыктуу жеӊилүүнү билерин көрсөттү.

"Бабановдун бул кылганын татыктуу баалашыбыз керек. Болбосо карама-каршылык улана берет. Мындай нерсе эчтеке алып келбейт. Бабанов элдин биримдигин ойлоп лидерликтен кетти. Ар бир инсан өлкөнүн келечегине өзүнүн салымын кошуусу зарыл", - деп эсептейт К.Осмоналиев. 

Эске салсак, кечээ, 13-ноябрда, аталган фракциянын кезексиз жыйынында депутаттар Өмүрбек Бабановдун фракция лидерлигинен өз каалоосу менен кеткендиги боюнча арызын колдогон.

Бул арада "Республика - Ата Журт"фракциясынын депутаттары Бабанов эмнеден улам кеткендигин билбей жатышат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8631



Добавить комментарий