Египеттин президенти согушка каршы экенин айтты

14 ноябрь 2017 11:23 575 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Египеттин президенти Абдель Фаттах аль-Сиси Иран же “Зизбалла” тарабынан болгон агрессияга кандай жооп бериш керектиги боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. Саясатчынын айтымында, ал Иран же “Хизбаллага” каршы багытталган согуш сокку идеяларына каршы. Анын айтымында, Жакынкы Чыгышта ансыз да окуялар толуп жатат. Муну менен бирге саясатчы Иран аймактын ишине кийлигишүүсүн токтотушу керек деп белгиледи. Ал согушка каршы экенин кошумчалап, кризисти диалог аркылуу да чечсе болорун айтып өттү.

Мындай сөздөрдү Египеттин мамлекет башчысы Иран жана Египеттин жакын союздашы болгон Сауд Арабиясынын ортосундагы уланып жаткан чыӊалууларга байланыштуу айткан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8629



Добавить комментарий