Аткезчилик менен күрөшүү максатында унаалар текшерилүүдө
Борбор Азия кабарлар кызматы билдиришкендей, автоунаалар ИИМдин, Улуттук коопсуздук министрлигинин жана жол полициясынын кызматкерлери тарабынан облустардын чек аралары менен көзөмөл-өткөрмө бекеттерде текшерилүүдө.
"Алар токтоткондо унаадагы адамдардын бардыгы сыртка чыгышы керек. Андан соң жүргүнчүлөр иттер менен текшерилет. Эгер бар болсо иттер тамеки, спирт ичимдиктери же маңзатын таап чыгышат. Андан соң унаанын ичи, багажы текшерилет", - деп билдирди ашхабаддык серепчи.
Анын айтымында, айрым укук коргоо кызматкерлери текшерүүлөрдү «тыюу салынган товарлардын аткезчилигин алдын алуу» менен түшүндүрүшүүдө.
Жергиликтүү тургундардын пикиринде, бул чаралар өлкөдө спирт ичимдиги менен тамеки сатууга расмий чектөө киргизилгенден кийин жаралган алкогол менен чылымдын көмүскө базарына каршы күрөшүүгө байланыштуу болушу мүмкүн.
Айтымдарында, түркмөн мыйзамдарына ылайык, өлкөгө тамекинин чектелген түрлөрү гана киргизилет. Бирок сапаттуу чылым чегүүнү каалагандар да болгондуктан, айрым соодагерлер түркмөн өндүрүшүндөгү товарларды тамеки менен спирт ичимдиктерине алмаштырып келишип, кымбатка сатышат.
Түркмөнстанда тамеки мамлекеттин көзөмөлү менен импорттолот жана сатылат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8628
Добавить комментарий ×