Ирандагы жер титирөөдөн курман болгондордун саны өсүүдө
Бөлүшүү:
Иран менен Ирактын чектешкен аймактарында болгон зилзаланын кесепетинен каза тапкан жарандардын саны 445ке жетти. Бул тууралуу расмий маалыматтарга шилтеме берип Press TV телеканалы билдирди.
Жети миӊден ашуун киши катуу жер титирөөдөн жапа чегишти. Белгилесек, Иран менен Ирактын чектешкен аймагында базар күнү кечинде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Кызыл жарым ай коомунун маалыматы боюнча, дээрлик 70 миӊдей адам үй-жайсыыз калган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8627
Добавить комментарий ×