Бир суткада 15 өрт катталды: Ысык-Атада кароолчу башынан күйүк жаракатын алды
Бөлүшүү:
Өткөн сутка ичинде, тактасак, 13-ноябрдан 14-ноябрга караган күнү Кыргызстандын аймагында 15 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ысык-Ата районундагы «Учитель» дачасында 70 чарчы метрлик аянтты түзгөн кароолчунун үйү толугу менен күйүп кеткен. Натыйжада 1943-жылы туулган күзөтчү чу Х.Юсуров башынан күйүк жаракатын алган. Ал тез жардам менен Кант шаарындагы бейтапканага жаткырылды. Өрттүн себеби: электр приборлорун колдонууда коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы болуп саналат
Ссылка: https://barometr.kg/content8625
Добавить комментарий ×