Осмонбек Артыкбаев, ЖКнын депутаты: “Социалдык жардамга муктаж жарандарга, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек”
Жогорку Кенештин депутаты Осмонбек Артыкбаев Токтогул районундагы Чоргочу, Саргата, Жетиген, Үч-Терек айылдарына барып эл менен жолугушуп келди.
Жетиген айылынын тургундары менен болгон жолугушууда жергиликтүү эл электр энергияга туруктуу бир бааны бекитип берүү маселени Өкмөттүн алдында коюнуу айтышты.
Алардын айтыманда, электр жарыгына болгон баанын ар түрдүүлүгү элдин башын чаташтырып, ар кандай күмөн саноолорго алып келип жатат. Токтогул районунун эли үчүн электр энергиясын өндүрүлгөн баада сатылсын деген мыйзам да, токтом да бар. Депутат Осмонбек Артыкбаев бул маселенин чоо-жайын териштирүүгө убада кылды.
Белгилей кетсек, токтогулдуктар тоолуу аймак катары 150 кВт чейин электр энергиясын токтогул гэсинен чыккан өз наркы баасы менен колдонушат, ал эми 700 кВтка чейин 77 тыйын экени белгилүү.
“Электроэнергия-товар, эгерде аны өз баасынан төмөн сатса, анда электроэнергия тармагында финансылык таңсыздыгына кабыл алынышы мүмкүн. Ошондуктан ар бир электроэнергияны колдонуучу рентабелдүү бааны төлөш керек. Бирок аз киреше алган жарандарга жана башка социалдык жардамга муктаж жарандарга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүлүшү керек”, - деди Артыкбаев. Ал эми 150 кв электроэнергиянын өлчөмүн кайра карап чыгуу маселени жана ошондой эле Токтогул районунун атайын фонду менен байланышкан көйгөйлүү маселелерди Өкмөткө жеткирерин айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content861
Добавить комментарий ×