ТИМ: Ирандагы жер титирөөдөн жапа чеккен жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок

13 ноябрь 2017 16:48 766 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алдын ала маалыматтар боюнча, Ирандагы жер титирөөдөн жапа тарткан жана каза болгон кыргызстандык жарандар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясат ведомствосунун кызматкери Айымкан Кулукеева билдирди.

Эске салсак, кечээ, 12-ноябрда, Ирак менен Ирандын чектешкен аймагында күчү 7,3 баллга жетке катуу зилзала катталган. Натыйжада 200дөн ашууна адам каза тапкан.

Маалымдалгандай, кырсык болгон жерде издөө-куткаруучу топтор иштеп жатат.

Жер титирөөнүн очогу Ирактык Курдистандагы Халабжа шаарына жакын жайгашкан.

Курман болгондордун көбү Иранда катталган. Мамлекеттик телеканалда бийлик берген маалымтка ылайык, 1650 киши түрдүү жаракат алышкан.

Ошондой эле ирандык Керманшах провинциясы ири зыянга учураган. Ал жакта 3 күндүк аза күтүү күнү жарыяланды.

Зилзала биринчи болуп бүткөндөн кийин артынан дагы бир нече ирет анын толкуну кайталанган. Натыйжада адамдар үйлөрүн таштап сыртка чыгышкан.

Мындай катуу жер титирөө Ирак менен Ирандын айрым шаарларында электр жарыгын берүүнү жана телефон байланыштарын үзгүлтүккө учураткан. Бул болсо өз кезинде куткаруучу иштерди дагы да татаалданткан.

Иранда буга чейин дагы бир топ адамдын өмүрүн алып кеткен ири зилзалар бир нече ирет болуп турган. 2003-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү Бам шаарында болгон жер титирөөдөн 26 миӊ киши курман болгон. Ал эми 2012-жылы боло ирандык провинция Чыгыш Азербайжанда болгон зилзаланын кесепетинен 300дөн ашуун жаран каза тапкан болчу.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8599



Добавить комментарий