Бишкекте эмчектеги баласы менен көчөгө кууп чыгарышкан жаш келинге жардам керек

13 ноябрь 2017 14:12 1875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Социалдык тармактарда колдонуучулар эки баласы бар жаш аялга жардам берүүнү улантып жатышат. Белгилесек, бул аялды ижара акыны убагында төлөй албагандыгы үчүн үйдүн ээси сыртка кууп, чыгарып койгон.

Эске салсак, буга чейин, 8-ноябрда, Болот Темиров аттуу колдонуучу кокустан кечинде баратып Бишкектеги Москва көчөсүндө жалгыз турган кичинекей кызды көрүп калган.

"Кимдир-бирөө мунун баары жалган, жардылык деген нерсе болбойт деши мүмкүн. Бирок мен ал менен жолукканда жокчулук дегендердин баары жашоодо бар экенин сездим", - деп ал өзүнүн баракчасына жазган.

"Мен Москва көчөсү менен баратып аялдамадан ушул кичинекей кызды көрүп калдым. Кечинде бул эмне кылып жүрөт деп ойлоп койгом. Андан кийин гана мен эмчектеги баласын колуна көтөрүп алган энесин көрдүм. Сураштырсам, эки кыздын апасы жалгыз жашайт экен. Жолдошу каза болуп калган. «Арча-Бешикте» 3000 сом төлөп батирде жашап жүрүптүр. Өзү болсо чемичке, курут сыяктуу майда-чүйдө сатып соода менен алектенет. Бирок кичүү кызы ооруп калып, аял үйдө отурууга туура келген. А бүгүн болсо ал акы төлөбөгөндүгү үчүн үйүнө кире албай көчөдө калган. Андан кийин аял мечитке барса ал жактан каржы жагынан жардам бере албайбыз, бирок бул жерде түнөсөӊөр болот, бирок суук бул жер дешип, маршруткага бир аз жол кире беришкен. Бирок бул келин баары бир үй ээси боору ачып, төлөнбөй калган 800 сомду күтүп турат деп ишенип келет", - деп колдонуучу Болот Темиров тармакка жазган.

Анын бул постуна кайдыгер карабаган кыргызстандыктар дароо жардам колун суна башташкан. Алар биринчи кезекте жаранга башпаанек таап, банктан эсеп ачышкан, жана да тамак-аш алып келишүүдө.

 

Айнура аттуу жаранга жана анын чиедей балдарына көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо төмөнкү номерге чалса болот: 0704 206 114 (Айнуранын номери). 

"ЭЛСОМ Кошелек" эсеп номери - 0550 010 920.

Ссылка: https://barometr.kg/content8588



Добавить комментарий