Мэрия жарандарды таза сууга аяр мамиле жасап, үнөмдөөгө чакырды

13 ноябрь 2017 12:41 487 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Бишкексууканал» ишканасынын маалыматы боюнча, Бишкекте жыл сайын 114 миллион метр куб таза ичүүчү суу берилет. Анын бир бөлүгү көрсөтмө боюнча колдонулбай келет.

Ичүүчү таза сууну айрым шаар тургундары сугат жана техникалык муктаждыктар үчүн колдонушат. Бир эле суу ага турган кранда ширеӊкенин калыӊдыгындай болгон суунун агымы канализацияга 400 литр баалуу сууну куят.

Суу 150 метрден ашуун тереӊдикте жаткан жер астындагы булактардан алынат. Бул болсо 9-кабаттуу үйдүн бийиктиги менен барабар. Шаар боюнча сууну бирдей бөлүштүрүү иши суунун насос станциялары менен ишке ашырылат.

Мындай оор жумуштарды аталган ишкананы 209 атайын техника жана 1530 жумушчусу аткарат. Алардын бардыгы күнү-түнү иштеп, Бишкек шаарынын тургундарын таза ичүүчү суу менен камсыз кылып турушат.

Урматтуу шаардыктар! Бишкек мэриясы сиздерди ичүүчү таза сууга кылдат менен мамиле жасоого, үнөмдөөгө чакырат. Анткени суу – бул биздин байлыгыбыз. Ошондой эле сиздерди таза үчүн төлөмдү убагында төлөөгө өтүнөбүз.

Муздак суу жабдыктары боюнча суроолор менен «Бишкексууканал» ишканасына төмөнкү номерге кайрылуу кере: 56-03-20 (борбордук күзөт диспетчердик кызматы).

Шаар тургундары WhatsApp тармагы аркылуу төмөнкү номерлерге кайрылышса болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0709- 72-17-15;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — 0558 33-66-40;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле сиздер калаа мэриясынын Call-борборуна 185 жана 1840 номерлерри аркылуу кайрылсаӊыздар болот, жана көйгөйлүү сүрөттөрдү да төмөнкү номерге жиберсеӊиздер болот: 0554-182-185.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8580



Добавить комментарий