«Темир» мамлекетик ишканасы жоюлду
Бөлүшүү:
Өлкөдөгү "Темир" мамлекетик ишканасы жоюлду. Бул тууралуу өкмөттүн 2017-жылдын 2-ноябрындагы тиешелүү токтомуна премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.
Ага ылайык, мамлекеттик ишканаларды ишмердүүлүгүн оптимизациялоо максатында кара жана түстүү металлдар менен лом темирдин калдыктарын кайра иштетүүчү, жыйноочу, чогултуучу, сатып алуучу «Темир» жоюлду.
Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу боюнча фондго «Темир» мамлекеттик ишканасын жоюу процедураларын ишке ашыруу боюнча ликвидациялык комиссиясын түзүү тапшырылды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8579
Добавить комментарий ×