Сапар Исаков: «Патрулдук милицияны жоюу – бул сынак менен сапаттуу кызматкерлер алына турган курал»

13 ноябрь 2017 12:00 1292 Barometr
Бөлүшүү:
ok

КРдын премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 13-ноябрда, жол коопсуздук системасын реформалоо боюнча пландардын аткарылышын текшерди. Чаралар комплекси негизги 6 блоктон турат, анын ичинде жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган 148 иш-чараны ишке ашырууну камтыган 103 пункт каралган.

«Пландалган бардык иш-чаралар жол коопсузудугун жакшыртууга багытталган. Бирок планды ишке ашыруу жай жүрүүдө. Буга байланыштуу мен чукул жыйын өткөрдүм, анда патрулдук милициянын башкармалыгын жоюлду. Бул такталарды алмаштыруу эмес, бул курал, анын жардамы менен биз ачык жана сынак аркылуу сапаттуу жаӊы кызматкерлерди алышыбыз керек. Ошондой эле биз аталган ведомстводо баш ийүү сызыгын да бекиттик. Бул жол коопсуздук системасын башкарууну жакшыртуу үчүн зарыл процедуралык кадам», -деди премьер-министр.

«Бардык иш-чаралар өз мөөнөтүндө аткарылышы керек, планды аткарбагандыгы үчүн иштен бошотууга чейин жете турган жоопкерчилик чаралары көрүлөт. Негизги көӊүлдү процесстерди автоматизациялоо, кызматкерлерди алуу, «Акылдуу шаар» долбооруна, маалыматтык иш-чараларга буруш керек», -деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/content8576



Добавить комментарий