Ааламдын эӊ сулуу кызы тандалды

13 ноябрь 2017 11:13 1507 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сочиде өткөн сулуулар сынагында «Аалам сулуусу 2017» таажысы Тажикстандын Дүйшөмбү шаарынын тургуну Анна Муминовага буюрду. Бул тууралуу конкурстун сайтында маалымдалган.

Москвалык сулуу Татьяна Фомичева «Ааламдын биринчи вице сулуусу 2017 наамын алды. Новокузнецктен келген Мария Демидова Экинчи аалам сулуусу 2017 наамына татыды.

Белгилесек, сынактын жеӊүүчүсү «Аалам сулуусу 2018» эл аралык сулуулар сынагында калыстар тобуна кирүүгө укук алат. Бул конкурсту АКШдагы Лас-Вегас шаарында мындан дагы бийик деӊгээлде кийинки жылы сентябрь айында дүйнөнүн эӊ престиждүү казинолордун бири «Monte Carlo Casino Las Vegasта» өткөрүү пландалууда.

Белгилесек, өткөн сынакта кыздар өздөрү тууралуу айтып беришти, бикини номери көрсөтүлдү жана калыстар мүчөлөрүнүн түрдүү суроолоруна жооп беришти. Эске салсак, кастинг дүйнө жүзү боюнча 2016-жылы эле жарыяланган. Анын тандоо туруна дүйнөнүн 10 мамлекетиненк елген кыздар катышкан. Бир нече ай ичинде конкурстун сайтында интернет-добуш берүү аркылуу тандоо турлары өткөрүлгөн, ал эми сыйлык тапшыруу азесине Сочиге финалга чыккан үч кыз келген.

Ссылка: https://barometr.kg/content8566



Добавить комментарий