Токтогулдун Үч-Терек айылында калың карды көтөрө албай Кыргызтелеком” ишканасынын чатыры сынып кетти
Бөлүшүү:
Токтогул районундагы Үч-Терек айылында жайгашкан “Кыргызтелеком” ишканасынын райондук филиалынын имаратынын чатыры калың жааган карды көтөрө албай сынып түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок. Жарандык коргонуунун комиссиясы тарабынан материалдык чыгымдар такталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content856
Добавить комментарий ×