«Ак-Тилек» пунктунда 165 оор жүк ташуучу унаа чогулуп калды

10 ноябрь 2017 17:22 762 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстан менен чектешкен жердеги «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде 165 оор жүк ташуучу унаа, ал эми «Чоӊ-Капка» көзөмөл пунктунда 135 автоунаа турат.

«Ак-Жол» бекетинде кезек байкалбайт. Адамдарды казакстандык чек арачылар ыкчам түрдө өткөрүп жатышат. Бирок жолдон өтөбүз деп дээрлик 30дай кичи автобус жана жеӊил унаа күтүп турат. Ал эми «Чалдыбар» көзөмөл өткөрүү пунктунда болсо жол тыгыны жок.

Жуманын башында чек ара кызматы өткөрүү пункттарында кезек тез арада кыскарганын маалымдаган. 8-ноябрда «Ак-Тилек» өткөрүү бекетинде болгону 40 оор жүк ташуучу унаа калган. Мамлекеттик чек ара кызматы Казакстандын чек арачылары бош жүк ташыган унааларды текшербей эле өткөрүп жатышат деп түшүндүргөн.

Ссылка: https://barometr.kg/content8546



Добавить комментарий