Өкмөттүн Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Улан Карагулов дайындалды

10 ноябрь 2017 15:25 695 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өкмөттүн Чүй областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Бактыбек Кудайбергеновдун ордуна Улан Карагулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда, өкмөттүн аппаратынан кабарлашты.

Буга чейин ал Кемин районунун акими болуп эмгектенген.

Кудайбергенов кызматка 2013-жылдын июль айында киришкен. 2016-жылы 22-декабрда КРдын мурунку премьер-министри Сооронбай Жээнбеков ага эскертүү берген.

Белгилесек, Улан Карагулов 1979-жылы Кемин районунда туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономист-финансист адистиги боюнча бөлүмдү аяктаган. Район башчылык кызматка ушул жылдын февралынан тартып дайындалган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8541



Добавить комментарий