Назарбаев: «Мен Камчаткага барууну кыялданып жүрөм»

10 ноябрь 2017 14:49 706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нурсултан Назарбаев Челябинсктеги форумда Владимир Путин менен болгон жолугушууда ал Камчаткага барууну каалап турганын айтты. Бул тууралуу NUR.KZ жазды.

Нурсултан Назарбаев бул учурда туризм темасын козгоду.

«Россиядагы сыяктуу эле Казакстанда дагы туризм үчүн ылайыктуу болгон көптөгөн кооз жерлер бар. Мисалы, россиялыктар өзгөчө батыш Сибирден бизге Боровое, Балхаш, космонавттар дайыма эс алуучу Алакөлгө, Чимбулакка эс алганы келишет», - дейт Назарбаев.

Президент Россиянын сөзсүз көрүш керек болгон кооз жерлерин белгиледи: «Эмираттарды да, Түркияны да көрүп чыктык биз».

 «Мен, мисалы, Ыраакы Чыгыш, Камчаткага барууну дайыма кыялданып келем, бирок такыр болбой жатат. Аябай кызыктуу жерлер, Байкал дагы. Эми Санкт-Петербург менен Москва буларды айтпасак да белгилүү. Көрүп жатасыӊарбы, мен казакстандыктарды Россиянын туристтери болушуна үгүттөп жатам»,-деп жылмайды президент.

Эске салсак, бүгүн Челябинскиде Нурсултан Назарбаев Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушту. Мамлекет башчылар Россия менен Казакстандын ХIV аймактар аралык Форумуна катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content8537



Добавить комментарий