Нурлан Насип менен Аваз Акимов бири-бирине атаандашып авто унаа алыштыбы?
Бөлүшүү:
Кыргыз эстрадасында көз күйдүргөн жылдыздуу бойдок ырчы мырзалар жана достор Нурлан Насип менен Аваз Акимов темир тулпарлуу болушуптур. Бул тууралуу NazarNews.kg сайты жазды.
Жакын достор болсо да, чыгармачылыкта атаандаш катары жүрүшкөн Нурлан менен Аваз авто унаа алууда бул ирет атаандаша кетишкен окшойт. Буга чейин биз Аваздын жөө жүргөнүн көрсөк, өткөн аптада сүйүктүүсү Айдана Деканы алдына салып шаар аралай жаңы тулпарын минип жүргөнүн байкадык. Ал эми Нурландын кара түстөгү Лексус авто унаасы, ак түскө алмашып кубанычы коюнуна батпай темир тулпарын зуулдатып айдап жүргөнүн кезиктирдик.
Ссылка: https://barometr.kg/content8531
Добавить комментарий ×