Бишкекте жоголгон эки окуучу кыз изделип жатат

10 ноябрь 2017 12:11 1389 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте кечээ, 9-ноябрда, 12 жана 13 жаштагы эки мектеп окуучусу жоголду. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, кеччээ алар үйдөн күндүз саат он бирлерде чыгып кетишкен. Бирок окуучу кыздар Панфилов менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишнде жайгашкан мектебине жетишкен эмес. Күбөлөрдүн айтымында, өспүрүм кыздарды VEFA кинотеатрынан көрүшкөн.

Белгилери: Тургуналиева Сезим Мыктыбековна, 2004-жылы туулган: бою 155-158 сантиметр, толук келген, чачы узун, күрөӊ түстө. Бутунда саргыч боз түстөгү мокасина, үстүндө кара юбка, кара пальто жана ачык кызыл түстөгү рюкзак болгон.

Белгилери: Мухамед кызы Азиза, 2005-жылы туулган: бою 155-160 см, орто дене түзүлүштө, чачы өтө узун эмес күрөӊ түстө, бутунда ботинка, үстүдө кара юбка, коюу көк түстөгү куртка болгон.

Милициядан белгилешкендей, кыздар бир класста окушат жана экөө дос. Издөө боюнча арыз Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгына калтырылды. Ата-энелери кыздар тууралуу маалыматы бар, аларды көрүп-билгендер болсо төмөндөгү телефондорго кайрылууну өтүнүшөт: Сезимдин жакындары:

·         0704900580, атасы Мыктыбек;

·         0709 681 019, улуу эжеси Мээрим.

Азизанын жакындары:

·         0772 669 424, Азизанын атасы.

Биринчи май райондук ИИБсинин күзөт бөлүмү: 0312 56 60 43 же 102.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8527



Добавить комментарий