Путин Атамбаевди эл аралык маданий форумга катышууга чакырды
Бөлүшүү:
Бүгүн, 9-ноябрда, Алмазбек Атамбаев телефон аркылуу Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Бул тууралуу КРдын президенттик аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Мамлекет башчылары кыргыз-орус мамилелеринин маанилүү маселелери боюнча пикир алмашышты жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жолун талкуулашты.
Владимир Путин ошондой эле, Алмазбек Атамбаевди VI Санкт-Петербургдук эл аралык маданий форумдун салтанаттуу ачылыш аземине катышууга чакырды.
Белгилесек, аталган форум дүйнөлүк деӊгээлдеги маданий окуясы болуп саналат. Ал эми форумдун ачылышы Мариин театрынын жаӊы сахнасында 17-ноябрда өткөрүлмөкчү.
Ссылка: https://barometr.kg/content8502
Добавить комментарий ×