Осмонбек Артыкбаев, “Токтогул районуна айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү завод куруу керек”

15 февраль 2017 10:05 362 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев   Жогорку Кеңештин атайын жыйынында  КРнын биринчи  вице-премьер министри  Мухамметкалык Абулгазиевге кайрылды. “Урматтуу өкмөттүн өкүлдөрү,  Токтогул районунда  эл көбүнчө мал кармашат.  Сүттү, этти кайра иштетүү боюнча атайын иштерди жүргүзсөңүздөр жакшы болот эле.  Деги эле Токтогул районуна айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү завод куруу керек. Ушул жагын эске алсаңыздар. Мындан сырткары байытылган ундар боюнча. 90% байытылбаган ундар Казакстандан келип жатат.  Бул боюнча токтом аткарылбай жатат”-деди.  Эл өкүлүнүн бул суроосуна  вице-премьер-министр “Токтогул районун маселеси боюнча акимдер менен сүйлөшүп тапшырма бергем иш алып барып жатабыз”-деп жооп берди.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content849



Добавить комментарий