Бишкекте биринчи жолу жер үстүнөн өтө турган көпүрө курулду

9 ноябрь 2017 13:21 1059 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Аламедин районундагы Курманжан Датка көчөсү менен Жибек-Жолу жана Муса Жалил проспектилеринин ортолоруна алгачкы жолу жер үстүнөн өтүүчү жол курулду. Анын узундугу 33 метрди түзөт.

Жол эки кире бериштен турат, жерден узундугу 5 метр, ал эми туурасы 3 метрди түзөт. Инженердик имарат жарык берүүчү лампалар, 15 адамга эсептелген эки лифт менен жабдылган.

Мэриянын маалыматы боюнча, көпүрө «Оргтехкурулуш» коому тарабынан курулган, объекттин наркы 17,6 миллион сомду түзгөн.

«Өзүӊөр билгендей, базардын жакындыгынан бул жерде транспорт, жөө адамдар көп өтөт. Буга байланыштуу бул көпүрө курулуп отурат. Ал эми улгайган адамдар жана майып жарандардын ыӊгайлуулугу үчүн имараттын ичине лифт орноттук»,-дейт Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов.

Калаа башчысы билдиргендей, ушул жылдын ноябрь айынын аягында Бишкекте дагы бир ушундай жолдун курулуш аяктайт. Ал «Мадина» базары менен Шабдан Баатыр көчөсү боюнча жайгаштырылат. Ал эми 2018-жылы мэрия мындай объекттен дагы төртөө куруларын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/content8489



Добавить комментарий