Жол эрежесин бузгандар тууралуу кабар бергендерге акчалай сыйлык берилет

9 ноябрь 2017 12:03 1080 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте учурда патрулдук милиция жол эрежесин бузгандарды фиксациялоо, ошондой эле, издөөдө жүргөн автоунааларды издөө үчүн камерасы жана керектүү жабдыктары бар атайын унааларды колдонуп жатышат. Бул тууралуу маалымат жыйындын жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция башкармалыгынын жетекчиси Ыманалы Саркулов билдиргенин «ВБ» жазып чыкты.

"Биз программалык камсыз кылууга түзөтүүлөрдү киргизип жатабыз жана мындай жабдыкты кодонуунун натыйжалуулугун текшерүүдөбүз. Азыркы тапта мындай долбоордун баасы канча турары эсептелип жатат", - деп бөлүштү ал.

Ошондой эле өзүн-өзү башкаруучу жергиликтүү органдарга камераларды орнотуу сунушталууда. Ошондо бул камерага түшүп калган жол эрежесин бузгандарга салынган айыппулдун 50%ы жергиликтүү бюджетке, 40%ы болсо өлкөнүн бюджетине жана 10%ы камералардын техникалык камсыздоосуна кетет.

Кыргызстанда бардыгы болуп азыркы учурда мындай жабдыктан бирөө эле иштеп жатат, ал камера «Кудайберген» базары жайгашкан районго орнотулган.

Муну менен бирге, учурда мыйзам долбоору демилгеленүүдө. Ага ылайык, жол эрежесин бузгандар туурасында маалымат берген жарандарга акчалай сыйлык берилет. Депутат Дастан Бекешев сыйлыктын суммасы жол эрежесин бузган жаран төлөй турган айыппулдун 10%ын түзүшү мүмкүн.

Ссылка: https://barometr.kg/content8484



Добавить комментарий