Жакында 2000 сом номиналындагы жаӊы акча чыгарылышы мүмкүн

9 ноябрь 2017 11:32 1453 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда жакын араларда эки миӊ сом номиналындагы жаӊы валюта чыгарылат. Азыркыт тапта ал акчада кимдин жана эмненин сүрөтү болору белгисиз. Болжол менен жаӊы валюта чектелген серия менен чыгарылат.

Бирок өкмөттөн Улуттук банк жаӊы акча чыгарары тууралуу арызын качан күтсө болору белгисиз. Бул тууралуу «ВБ» билдирди. "Азырынча бардыгы жашыруун, бирок бул маалымат эӊ жакын араларда жеткиликтүү болот", - деди КРдын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Кулматов.

Белгилесек, учурда Кыргызстанда түрдүү номиналдагы тыйын менен кагаз акчалар бар. Мисалы: 1, 10, 50 тыйындар, ошондой эле 1,3,5,10 сом. Ал эми кагаз акчалар түрүндө 20,50, 100, 200, 500, 1000 жана 5000 сом бар. Учурда биздин өлкөдө төртүнчү сериядагы банкноттор иштейт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8480



Добавить комментарий