Токмокто ири жол кырсыгы болуп, анда 1 адам каза тапты
Бөлүшүү:
Чүй областынын Токмок шаарында бүгүн, 9-ноябрда, саат 04:30дарда үч унаа кагылышкан жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ведомстводон кабарлашкандай, ири жүк ташуучу унаа (мамлекеттикномер S 9399 X), «Мерседес Бенц Гигант» (мамлекеттикномер 8798 АА) жана «Мазда 323» (мамлекеттикномер S 9634 Х) үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.
Натыйжада «Мазда 323» унаанын 1989-жылы туулган С. Ч. Аттуу айдоочу ошол жерден каза болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content8476
Добавить комментарий ×