Европа союзунун тышкы иштер, коопсуздук саясат боюнча өкүлү Федерика Могерини Кыргызстанга келет
Бөлүшүү:
Үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасына Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини жумушчу сапар менен келет.
Сапардын жүрүшүндө Федерика Могерини Бишкек шаарында Президент Алмазбек Атамбаев, шайланган Президент Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр Сапар Исаков менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Жолугушуулардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Европа союзу менен эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери жана мындан аркы өз ара аракеттенишүүсүнүн келечеги талкууланат.
Ссылка: https://barometr.kg/content8467
Добавить комментарий ×