Россиялык иш берүүчүлөр кыргызстандык мигранттарга 73 млн рубль карыз
Бөлүшүү:
Россиялык жумуш берүүчүлөр кыргызстандан барган эмгек мигранттарына дээрлик 73 миллион рублду түзгөн маянаны төлөбөй коюшкан. Бул тууралуу «ВБ» билдирди.
Ведомство өкүлчүлүгүнө ушул жылдын 4-январынан 3-ноябрга чейин 576 кайрылуу келип түшкөн, айтсак, айлык акыны төлөбөй койгондук боюнча (91 миллион 158,3 миӊ рубль суммасындагы) эки миӊ жаран кайрылган. Алардын ичинен өкүлчүлүктөн кийлигишүүсү менен 34 миллион 94, 5 миӊ рубль төлөнүп берилген.
Россия Федерациясынын миграциялык мыйзам маселеси боюнча 6 миӊ кыргызстандык жаран консултациядан өткөн, 353 кат РФнын прокуратура, Иликтөө комитети, Москва шаары боюнча эмгек инспекциясына жөнөтүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content8465
Добавить комментарий ×