Ызы-чууга түшкөн мөӊгү мыйзамы жума күнү талкууланмай болду

8 ноябрь 2017 16:29 474 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-ноябрда, Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Талант Мамытов кесиптештерине парламенттин алдында турган митингчилерге чыгып аларды угууну сунуштады.

Белгилесек, бүгүн эртеӊ менен Жогорку Кеӊештин имаратынын алдында Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы митинг болду. Акцияга дээкрлик 40тай киши келген. Алар парламент жана президенттен Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизбөөнү талап кылышты. Ошондой эле алар кен казуу үчүн мөңгүлөрдү жок кылууга уруксат берүү боюнча өкмөттүн сунушун сынга алышкан. Өзгөртүүлөр киргизилсе "Центерра" Давыдов менен Лысый мөӊгүлөр жайгашкан райондордо толук кандуу иш жүргүзө алат.

Андан кийин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитеттин башчысы Айтмамат Назаров митингчилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн белгилеп кетти.

Ал, ушул жума күнү, 10-ноябрда, аталган маселе митингдин катышуучулары, өкмөт мүчөлөрү, депутаттар, ошондой эле эл аралык жана коомдук уюмдардын катышуусу менен тегерек стол жыйынында каралат деп билдирди.

Белгилесек, азыркы редакция көмүр, күл, май жана мөӊгүлөрдүн эришин тездеткен башка заттарды колдонуу менен ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салат.

Ссылка: https://barometr.kg/content8463



Добавить комментарий