22 жаштагы маркум Шириндин сөөгү Түркиядан Кыргызстанга жеткирилди

8 ноябрь 2017 12:36 1500 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык 22 жаштагы маркум Ширин Бейшембекованын сөөгү Түркиядан Кыргызстанга алынып келди. Бул тууралуу «ВБ» билдирди.

Теле алып баруучу Ассол Молдокматова жүк-200 жүгүн жеткирүү жана авиабилетти сатып алуу боюнча мекендештерге кайрылган. Теле алып баруучу билдиргендей, учурда маркум Шириндин сөөгүн Ысык-Көл областындагы Түп айылына алып баруу пландалып жатат.

Эске салсак, буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында кыргызстандык кыз Түркиядагы бейтапканалардын биринде комада жатканы жазылган. Кыз Түркияга бала багуучу болуп иштегени келген. Кийин анын ден соолугу начарлап бөйрөк дартына чалдыккан. Ооруканадагы дарылануу чыгымын жумуш берүүчүлөр өзү төлөшкөн. Бирок кийинчерээк 5-ноябрда Ширин комадан чыкпай көз жумган.

Ссылка: https://barometr.kg/content8451



Добавить комментарий