Атамбаев Куралдуу күчтөр башкы штабынын жетекчисин кабыл алды

8 ноябрь 2017 11:38 548 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-ноябрда, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн мындан аркы өнүгүүсү, коргонуу жөндөмдөрдү бекемдөө, аскер кызматкерлерди социалдык камсыз кылуу жана техникалык жабдууларды жакшыртууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштеп менен таанышты.

Райимберди Дүйшөнбиев ошондой эле чек ара инфраструктураны өнүктүрүү боюнча жасалган иштер тууралуу маалымат берди. Анын ичинде, ал КРдын Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери үчүн көп батирлүү эки турак үйдүн курулушу аяктаганын билдирди.

Жолгушуунун жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев тышкы чек араларды бекемдөө жана мамлекеттин коргонуу жөндөмдөрүн күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ссылка: https://barometr.kg/content8445



Добавить комментарий