Анталияда 56 жаштагы аял эгиз төрөп алгачкы жолу эне болду
Түркиянын Анталия шаарында жашаган 56 жаштагы Гюллюшен Гюзел аттуу аял биринчи ирет эне статусуна ээ болду. Ал жана анын 58 жаштагы күйөөсү эгиз ымыркайлардын ата-энеси болуп кубанып турган учуру.
Улгайып бараткан куракка келгендектине аялдын организми үчүн кош бойлуулук жеӊил өткөн жок. Тогуз ай ичинде Гюллюшен Гюзелдин тез-тезден кан басымы көтөрүлүп турган. Мындан улам ал Анталиянын ооруканасында профессор Селахаттин Кумрунун көзөмөлүндө болду.
Дарыгерлер жыйынтыгында кош бойлуулуктун 34 жумасында кесарево жолу менен төрөтүүнү чечишкен. Ошентип жарык дүйнөгө Шукрие Фатманур менен Билял Вейсел келишти. 40 күн өткөндөн кийин саламаттыгы бекем ымыркайлар менен бирге ата-энелери да кошо үйүнө чыгарылган.
Ссылка: https://barometr.kg/content8439
Добавить комментарий ×