Чүй областында 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
Бөлүшүү:
Кыргызстанда бүгүн, 8-ноябрда, жергиликтүү убакыт боюнча саат 03:50:59да күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу КРдын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун расмий сайтында маалымдалган.
Жер титирөөнүн очогу: Кыргызстандын территориясында, Арпа-Тектир айылынын түштүк-батышынан 8 чакырым, карагай-Булак кыштагынан түштүк-чыгышынын 15 чакырым, Бишкек шаарынын түштүк-чыгышынан 56 чакырымында болду.
Кыргызстандын калк жайгашкан пункттарында: жер титирөө Арпа-Тектирде 3 балл, Кегетиде, Карагай-Булак айылдарында 2,5 балл болгону маалымдалды.
Ссылка: https://barometr.kg/content8434
Добавить комментарий ×