Бир миллиондон ашуун адам жасалма WhatsAppты жүктөп алышкан

7 ноябрь 2017 20:38 1132 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бир миллиондон ашуун киши алдамчылардын курмандыктары болушту. Алар билбей Google Playден жасалма WhatsApp тармагын жүктөп алышкан.

Бул аталган программаны кайрадан жаӊылоодон кийин болгон. Популярдуу мессенжердин ордуна жасалма тармакты жүктөп алышкан. Мындай жасалма программа алардын телефондоруна түрдүү вирустарды пайда кылган.

Маалыматка ылайык, алдамчылар Google Play аркылуу сатыкка WhatsApp Inc компаниясы тарабынан кол коюлган Update WhatsApp Messenger деп аталган программаны чыгарышкан.

Лента.ру басылмасы белгилегендей, жасалма программа түп нускадан бир гана юникоддук символу менен айырмаланган.

Ошон үчүн Google роботусимволдордун туура жайгашышын тааный албай калып жасалма программаны каттаган.

Түшкөн көптөгөн арыз-даттануулардан улам мессенжер Google Playден өчүрүлгөн.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8429



Добавить комментарий