Бишкек-Ош жолунда мас айдоочунун кесепетинен мигранттар жапа чекти
Бөлүшүү:
Бишкек-Ош жолунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен Тажикстандын 4 жараны жабыркады. Бул тууралуу «ВБ» билдирди.
Маалымдалгандай, бүгүн, 7-ноябрда, болжол менен таӊкы саат жетилерде Бишкек-ош автожолунда Ниссан жана мерседес үлгүлөрүндөгү эки унаа кагышкан. Окуя жалал-Абад областындагы Кара-Суу районундагы автожолдун 648 чакырымында болгон. Жеӊил унаанын айдоочусу унааны башкара албай, натыйжада маршрут менен кагышып, маршрут тоголонуп кеткен.
Жол кырсыгынан улам Тажикстандын 4 жараны райондук ооруканага жеткирилген. Ал эми Ниссан үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында экенин маалымдалган.
Азыркы тапта бардык керектүү экспертизалар жүргүзүлүп, иликтөө уланууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content8423
Добавить комментарий ×