Текебаевдин адвокатынын үйүнө белгисиз адамдар кирип келишкен

7 ноябрь 2017 13:11 3047 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Канат Хасановдун үйүнө белгисиз адамдар кирип келишкен. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда, Facebook баракчасында Хасанов өзү кабарлаган.

Анын айтымында, алар болжол менен таӊкы саат 5.00дөрдө киришкен. “Жарым саат мурун менин үйүмө урууларбы же кимдер экенин билбейм биринчи кабаттын терезесин сындырышыптыр. Аялым ызы-чуудан ойгонуп кыйкырып жибергенде алар терезеден качып чыгышты. Барынан кызыгы биринчи кабаттын жарыгы күйүп турган жана биринчи кабаттын терезеси өтө эле бийик болчу. Эгер жубайым ойгонуп кыйкырбаганда эмне болмок билбейм", - деп жазды адвокат.

Анын кесиптеши Искен Афиджановдун айтымында, белгисиз адамдар Хасановдун үйүнө коӊшу короодон киришкен. “Алар алгач кошуна дарбазаны ачып, андан кийин жалпы дубалга тирөөч коюп забор аркылуу Хасановдун короосуна киришкен. Кошунасынын айымында, ал кечинде дарбазаны жапкан, бирок таӊкы сааат бештерде дарбаза ачылып калган", -  деп айтып берди Афиджанов.

Ссылка: https://barometr.kg/content8415



Добавить комментарий