Кайрадан төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

7 ноябрь 2017 12:37 1003 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй областындагы Аламүдүн районундагы Пригородное жана Достук айылдарынын ортолорунда катуу жол кырсыгы болду. Натыйжада төрт адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 7-ноябрда, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталгандай, жол кырсыгы кечээ саат кечки 8.20ларда болгон. BMW унаасынын айдоочусу унааны башкара албай калып бакка барып урулган. «Натыйжада 25 жаштагы эркек киши №1 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми каза болгон 25, 28 жана 31 жаштагы жарандардын сөөгү Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун моргуна жана №1 шаардык бейтапканага жеткирилген. Окуя болгон жерге өрт куткаруучу бөлүмдүн кызматкерлери келип сөөктөрдү алып чыгышкан", - деп маалымдашты ведомстводон.

Ссылка: https://barometr.kg/content8411



Добавить комментарий