Активисттер Суу кодексине өзгөртүүлөрдүн киргизилишине каршы митингге чыгышат

5 ноябрь 2017 12:03 476 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Укук коргоочу Рита Карасартова Суу кодексине оӊдоолорду киргизүүнү кабыл алууга каршы митинг өткөрүүнү сунуштады.

Ал эскерткендей, документ парламенттин депутаттары тарабынан экинчи окууда кабыл алынган.

Анын берген маалыматына ылайык, кийинки жумада парламент үчүнчү окууда жактырышы мүмкүн. Карасартова буга каршылык иретинде жөө жүрүш өткөрүүнү сунуштап жатат. Анын мындай демилгесин коомдук ишмерлер, жарандык активисттер колдоп чыкты.

"8-ноябрда эртеӊ мененки саат тогузда Ак үйдүн жанында биздин мөӊгүлөрдү кыйратууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы митинг өтөт»,-деп жазды укук коргоочу.

Демек, Суу кодексине эгер жер кени стратегиялык объект болуп каралса, муздардын эришин тездетүүгө таасир бере турган ишмердүүлүккө уруксат берген түзөтүүнү киргизүү каралып жатат. Кеп Кумтөр алтын кени туурасында болуп жатат.

 

Суу кодексинин 62-беренесине ылайык, көмүр, май, күл же суунун сапаты же мөӊгүнүн абалына таасирин тийгизе турган башка заттар же материалдарды кодонуу менен,  муздардын эришин тездетүүгө таасир берүүчү ишмердүүлүккө тыюу салынат.

Белгилесек, Кумтр кенин иштетүүчү Давыдов жана Лысый мөӊгүлөрүндө ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бүгүнкү күндө бул муздардан эчтеке калган жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content8403



Добавить комментарий