23 жаштагы студент кемпирге анын жөлөк пулу үчүн үйлөнгөнбү?
Маурисио Оссола аттуу студент өзүнүн алысыраак тууганы болуп кеткен кемпирге үйлөнгөн. Кемпир студентке турмушка чыгуу менен ага окуусуна акча жагынан жардам берүүнү каалаган. Үйлөнүү үлпөтүнөн 14 ай өткөндөн кийин кемпир каза болуп калган. Ал 91 жашта болчу. Аргентиналык жигит эми аялы өлгөндөн кийин бойдок эркек катары каралып кемпирдин пособиесин алуу үчүн күрөшүп жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Ал эми социалдык кызматтар Маурисионун арызын четке кагышты. Анткени кошуналары иликтөөчүлөргө студенттин кемпир менен болгон никеси тууралуу эч нерсе билбей турганын айтышкан. Буга байланыштуу бойдок жигит эгер ал жума сайын төлөнүп туруучу пособиени албаса анда Жогорку сотко кайрыларын айткан.
"Ал менин жашоомдогу башкы тирөөчүм эле. Мен Иоланданы эӊ таза сезимдерим менен сүйүп калгам. Бул сезим мени аны менен өмүрүнүн акырына чейин калууга мажбур кылды. Ооба, анын жаш курагы 90дон өтүп калган, бирок ал аябай жаркын инсан болчу!", – деп эскерет Маурисио Оссола.
Ссылка: https://barometr.kg/content8393
Добавить комментарий ×