Салык кызматы: Ырчылар, алып баруучулар салык төлөй баштады
Ырчылар менен корпоративдик кечелерди алып баруучулар ММК жарыялангандан кийин салык төлөп жана патент боюнча иштеп башташты. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда, Мамлекеттик салык кызматынын коллегиясынын жүрүшүндө салык кызматынын төрагасы Октябр Абдыкаимов билдирди.
Ал белгилегендей, ар кандай салтанат-кечелерди алып барган, көӊүл ачуучу тармактарда иштеген салык төлөөчүлөр салык кызматкерлеринен эмес, массалык маалымат каражаттарына чыгып таралып кетебиз деп коркушат. Ошондуктан азыркы тапта алардын көбү базадан өздөрүн каттоодон өткөрүштү же тиешелүү документтерди толтурушту.
"Бул ишке ММКаны тартуу чоӊ натыйжа берди. Алып баруучу, артист, сүрөтчүлөрдүн көпчүлүгү салык учетуна турушту же патентти төлөп жатышат»,-дейт Абдыкаимов.
Ссылка: https://barometr.kg/content8392
Добавить комментарий ×